Ошто Султан Ибраимов атындагы драмтеатрдын айланасын көрктөндүрүү иштери башталды

Ошто Султан Ибраимов атындагы драмтеатрдын айланасын көрктөндүрүү иштери башталды. Бул жерде көчө жарыгы орнотулуп, ирригация тармагы өткөрүлүп, фонтан калыбына келтирилет.

 

Ошондой эле таман таш төшөлүп, отургучтар орнотулат. Долбоорду түштүк калаанын мэриясы ишке ашырууда.