Кыргызстанда 20дай мүлктү менчиктештирүү сунушталууда

Кыргызстанда 20дай мүлктү менчиктештирүү сунушталууда.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө документтин долбоорун биринчи окууда карады. Маалыматка ылайык, менчикке бериле турган объекттер түз сатылат же акционердик ишкана түзүлүп, ошого өткөрүлүп берилет.

Эске салсак, Садыр Жапаров мындан эки жыл мурун мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштаган.