Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Ишкерлер кеңешинин биргелешкен жыйыны өтөт.
Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйын Бишкекте ушул жылдын 26-январында уюштурулат.
Жыйынга даярдык көрүү алкагында Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
«Өкмөт баштаган Соода-өнөр жай палатасы эки өлкөнүн бизнесмендерине мамилелерди активдештирүүгө жардам берүүгө ниеттенүүдө.
Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү кызыкдар экендигин, ошондой эле Ишкерлер кеңешинин убагында эки мамлекеттин ортосунда чечилиши зарыл болгон өз маселелерин айткысы келерин билдиришти», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери өзбек кесиптештери менен талкуулоо үчүн документтердин пакетин беришет.
Ушундай эле документтердин тизмеси өзбек тараптан күтүлүүдө.