Кыргызстандын банктарында жана акча алмаштыруу жайларында чет элдик валюта жетиштүү өлчөмдө бар

Кыргызстандын банктарында жана акча алмаштыруу жайларында чет элдик валюта жетиштүү өлчөмдө бар.

 

Буга Улуттук банктан ишендиришүүдө. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси туруктуу мониторингдерди жүргүзүп турат.

 

Ага ылайык, банктарда жана акча алмаштыруу жайларында кардарларды эсептик-кассалык тейлөө үчүн жетиштүү чет элдик валюта бар экендиги аныкталды. Белгилеп кетсек, кыргызстандыктардан өлкөдө доллардын жетишсиздиги боюнча даттануулар көптөн бери эле катталып келет.