Кыргызстанда 3 миң 817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт. Анын ичинен 2 миң 400 үй-бүлө Ош облусуна туура келет, — деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов.
Ал белгилегендей, кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн баарына эскертүү берилип, коопсуз жакка көчүү сунушу берилген.
Айрымдары көчүүгө мамлекеттен ссуда дагы алышкан. Аларды сот аркылуу көчүрүү гана калды, — деди Кулматов. Эске салсак, жыл башынан бери өлкөдө 331 сел жүргөн. Жаратылыш кырсыгынан 4 миңге чукул турак-жай, 411 чакырым жол, 29 чакырым каналдар жабыркады.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.