Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, аба-ырайынын шарттарынан улам Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар массалары түшүшү мүмкүн.
Мындай абал 14-январга чейин сакталат. Аталган тилкелер менен жүрүүдө айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.