Чолпон-Атада сел жүрдү

Чолпон-Атада сел жүрдү. Социалдык тармактардагы видеолорго караганда, эртең менен шаарда мөндүр аралаш нөшөрлүү жаан жааган.

 

Эске салсак, бир күн мурун синоптиктер аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү тараткан. Ага ылайык, бүгүнтөн тарта 22-сентябрга чейин Кыргызстанда суук түшүп, айрым жерлерде жаан катуу жаайт, тоолордо кар жаашы күтүлөт.

 

Кээ бир райондордо катуу шамал болушу мүмкүн.