Кыргызстанда бензин июндун башынан тарта дээрлик 1,5 сомго кымбаттады

Кыргызстанда бензин июндун башынан тарта дээрлик 1,5 сомго кымбаттады.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин айдын башында 60 сом 22 тыйын болсо, учурда 61 сом  54 тыйындан сатылууда. АИ-92 1 сом 43 тыйынга кымбаттады. Ал эми дизелдик отун тескерисинче, 60 тыйынга арзандап, учурда 1 литри 71 сомдон сатылууда.

 

Эске салсак, буга чейин мунай ташуучулар ассоциациясы июнда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы 3 сомго чейин кымбаттайт деп эскерткен.