Өлкөдө 3-июлдан тарта транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн жубайлардын макулдугу керек болот.
“Унаа” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Үй-бүлө Кодексине ылайык, никеде алынган мүлк жубайлардын жалпы мүлкү болуп эсептелет, ага транспорт каражаты дагы кирет.
Андыктан, 3-июлдан тарта унааны сатууда күйөөсүнүн же аялынын макулдугун алуу милдеттүү болуп саналат, — дешти ведомстводон.