Кыргызстанда бир нече айыл аймактын аталышы өзгөрөт

Кыргызстандагы Покровка айылы Семетей, Новомихайловка айылы Бообек, Военно-Антоновка айылы Кожомкул деп өзгөрөт. Жогорку Кеңеш Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

 

Документти Министрлер кабинети демилгелеген. Ага ылайык, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Говсувар айылын Орто-Боз, Лейлек районунун Раззаков шаарынын Чимген айылын Чымкен жана Голбо айылын Алтын-Бешик, Тогуз-Булак айыл аймагынын Маданият айылын Айбике, Кыргызстандын 50 жылдыгы айылын Миң-Жыгач, Чапаев айылын Арча-Бешик, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылын Чоко-Бий, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагын Эсеналы Дайракунов айыл аймагы, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагын Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылын Кенжебай, Талас облусунун Айтматов районунун Аманбаев айыл аймагынын Куру-Маймак айылын Сатыкей, Покровка айыл аймагын Семетей айыл аймагы, Покровка айылын Семетей, Чүй облусунун Кемин районунун Чым-Коргон айыл аймагынын Новомихайловка айылын Бообек, Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагын Кожомкул айыл аймагы, Военно-Антоновка айылын Кожомкул, Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын Горная Серафимовка айылын Кебек-Бий айылы деп кайра аталмай болууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.