Кыргызстанда педофилдерге жаза күчөтүлдү

Кыргызстанда педофилдерге жаза күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду.

 

Өзгөртүлгөн документке ылайык, эми педофилияга айыпталгандар канча жашта экенине карабай өмүр бою да эркинен ажыратылышы мүмкүн. Андан тышкары сотто балага сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдүн күнөөсү далилденсе жазасыз калбайт.

 

Документти Жогорку Кеңеш 11-апрелде кабыл алган.