Бишкекте ысык суу берүү 1-июнда жанданат

Бишкекте ысык суу берүү 1-июнда жанданат. Novosti.kgге “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришкендей, учурда тиешелүү түтүктөрдү текшерүү иштери жүрүп жатат.

 

Эске салсак, ордо калаада ысык суу 22-апрелде өчүрүлгөн. Бул учурда шаардагы суу түтүктөрүн жана жылытуучу казандарды оңдоо жумуштары жасалды.