Кыргызстанда быйыл селден 1 миллиард сомго материалдык зыян келтирилди

Кыргызстанда быйыл селден 1 миллиард сомго материалдык зыян келтирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурсултан Беренбеков билдирди.

 

Анын айтымында, жалпысынан өлкө аймагында 330дан ашуун сел катталды. Көбү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына туура келди. Табигый кырсык 22 адамдын өмүрүн алды.

 

Беренбеков белгилегендей, учурда кооптуу делген тилкелерде күнү-түнү нөөмөт жүргүзүлүп, шашылыш билдирүүлөр берилип турат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.