Кыргызстанда COVID-19дун кооптуу түрү тарады деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда COVID-19дун кооптуу түрү тарады деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидем көзөмөл башкармалыгынан билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, WhatsApp тайпаларда COVID-19дун “уулуу” жана “өлүмгө алып келе турган” түрү жайылып жатат деген билдирүүлөр тарап жатат. Алар чындыкка дал келбейт. Жарандарга расмий булактарга гана ишенүү сунушталат.