Кыргызстанда инфляция басаңдады

Кыргызстанда инфляция дүйнөлүк азык-түлүк рынокторуна басымдын төмөндөшүнөн улам басаңдады.

Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын баяндамасында маалымдалды.

Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин өсүшүнүн басаңдашы кошумча таасирин тийгизгени белгиленет.

Көрсөткүчтүн бир кыйла басаңдашы азык-түлүк эмес товарларга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалардын өсүшүнүн тездеши менен шартталган.