Кыргызстанда эки жаңы министр кызматка киришти

Кыргызстанда эки жаңы министр кызматка киришти. Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы Абсаттар Сыргабаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына буга чейин Маммүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп жаткан Медер Машиев дайындалды.

 

Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.