Кытай Кыргызстандын жарандарына виза берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөттү

Кытай Кыргызстандын жарандарына виза берүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөттү. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабы жокко чыкты.

 

Консулдук бөлүм Кытайга виза алуу үчүн кайрылгандарды белгиленген күндөрү жана сааттарында кезек күтүү тартибинде кабыл алат.

 

Ошондой эле ишкерлер жана Кытайга иш сапары менен же маданий, илимий иш-чараларга катышууга бара тургандар үчүн Кытай тараптан атайын штрих-код менен чакыруу талап кылынбайт.