Кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жыйыны болду

13-19-августка чейин Чолпон-Атада кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Жолугушууда чек араны демаркациялоо маселелери талкууланып демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында протоколго кол коюлду.