Кыргызстанда эски үлгүдөгү ID-карталарды акысыз алмаштыруу боюнча акция аяктады

Кыргызстанда эски үлгүдөгү ID-карталарды акысыз алмаштыруу боюнча акция аяктады. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан өлкө боюнча 100 миңдей арыз кабыл алынып, 74 миң паспорт даярдалды.

 

Өнөктүк ыктыярдуу жана акысыз негизде жүргүзүлдү. Анын алкагында эски үлгүдөгү AN сериялуу паспорттордун ээлери жаңы биометрикалык өздүк документке акысыз ээ болушту.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.