Кыргызстанда коррупциядан түшкөн каражатты легалдаштырууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда коррупциядан түшкөн каражатты легалдаштырууга тыюу салуу сунушталды. “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү Министрлер кабинети демилгелеп жатат.

 

Маалыматка ылайык, мындай өзгөртүү мыйзамды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатын көздөйт. Ага ылайык, кылмыштуу кирешелерди, коррупция, пара алуу, пара талап кылуу, пара алууда ортомчулук кылуу менен алынган каражатты адалдаштырууга тыюу салынат.

 

Документ коомдук талкууга коюлду.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.