Кыргызстанда кумар оюндары боюнча жаңы талаптар киргизилди

Кыргызстанда кумар оюндары боюнча жаңы талаптар киргизилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документте эми оюн автоматтарынын залдары казинодо жайгашуусу керектиги жазылат.

 

Аянты 200 чарчы метрден кем болбошу кажет. Букмекердик конторалар жана тотализаторлор лицензия алууга милдеттендирилип, казинолордо гана иштей алат. Оюн залдарындагы жана казинонун кассасындагы видеожазуулар үч ай бою сакталууга тийиш.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.