Кыргызстанда бассейндик кеңештер түзүлөт

Министрлер кабинети бассейндик кеңештер жөнүндө типтүү жобо бекиткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим кечээ өкмөттүн кезектеги жыйынында кабыл алынган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев бассейндик кеңештер Кыргызстанда биринчи жолу түзүлүп жатканын айтты.
«Суу кодексине ылайык, бассейндик кеңеш бассейндеги суу ресурстарын өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча маселелерди чечүүчү орган болуп саналат. Ал белгилүү бир бассейндин алкагында макулдашуу же жалпы чечимдерди талкуулоо жана иштеп чыгуу боюнча координациялык орган болот», — деди министр.
Министрлер кабинети бассейндик кеңештер кандай иштей турганын толук түшүндүргөн жок. Ачык булактарда мындай кеңештер суу объектилерин сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону камсыз кылуу максатында түзүлөрү айтылат. Суу объектилерин комплекстүү пайдалануу жана коргоо схемаларын иштеп чыгууда бассейндик кеңештин сунуштары эске алынат.