Бишкекте орточо айлык дээрлик 500 доллар же 44 миң сомго жетти.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт. Ведомстводон белгилешкендей, биздин маяналар Москвага салыштырмалуу, 3 эсе аз.
Россиянын ордо калаасында орточо айлык 1,5 миң доллардан ашат. Астанада – 1 миң 28 доллар, Минск шаарында – 875 доллар. Кошумчалап кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Бишкектеги орточо маяна 411 долларды же 34 миң 729 сомду түзгөн.