Кыргызстанда малды экспорттоо убактылуу токтотулду

Кыргызстан ийри мүйүздүү малды, жылкыны экспорттоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Мындай чара өлкөдөгү малдын так эсебин камсыз кылууга, ошондой эле ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышына контролду жогорулатууга багытталган. Экспортко уруксат берүү боюнча кошумча маалымат берилет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.