Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканы төлөө курагы жогорулады

Кыргызстанда мамлекеттик ипотеканы төлөө курагы 70 жашка чейин жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан маалым болду.

 

Ошондой эле жарандар 18 жаштан баштап үлүштүк курулушта турак жай сатып алуу үчүн мамлекеттик ипотека ала алышат. Бул учурда алар мүлктүн жарым наркын дароо төлөп бериши болот.

 

Маалым болгондой, учурда ипотекалык төлөм батирдин аянтына, жайгашкан жерине жана аймакка жараша ай сайын 9 миң сомдон башталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.