Бишкекке дагы 58 жаңы автобус жеткирилди

Бишкекке дагы 58 жаңы автобус жеткирилди. Мэриядан билдиришкендей, автобустар Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кытай заводунан алынган.

 

Коомдук транспорт 85 адамды ташууга ылайыкташып, 29 орундугу бар. Салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган. Эске салсак, буга чейин ордо калаага 250 газ менен жүрө турган автобус келген. Жалпысынан жыл аягына чейин 1 миң автобустун келиши күтүлүүдө.