Кыргызстанда орточо маяна 30 миң 862 сомду түздү

Кыргызстанда орточо маяна 30 миң 862 сомду түздү. Улуттук статистика комитетинин январь-апрель айларына карата берген маалыматына караганда, орточо эмгек акы өткөн жылдын декабрында 26 миң 540 сомду түзгөн, быйыл май айына чейин 4 миң 322 сомго көбөйдү.

 

Эң жогорку айлыкты Ысык-Көл облусу менен Бишкекте иштегендер алат. Ал эми эң азы Ош облусунда төлөнөт. Бюджеттик тармактарда болсо орточо айлык 26 миң 784 сомду түзөт.