Кыргызстанда насыя алгандар көбөйдү

Кыргызстанда насыя алгандар көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы 740 миңге жакын адам кичи кредиттик компаниялардан 51 миллиард сом насыя алган.

 

Бул 2022-жылга салыштырмалуу 10 пайызга көп.

 

Насыя алгандардын көбү Бишкек шаарында, андан кийин Ош, Чүй, Жалал-Абад облустары турат. Кредиттердин 48 пайызы турмуштук керектөөгө,  23 пайызга жакыны айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12 пайызы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5,5 пайызы курулушка алынган.