Кыргызстанда Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун экинчи этабы башталды.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 1-майга чейин өткөн жылдын кирешеси боюнча отчетту физикалык жактар жана жеке ишкерлер тапшырат.
Декларацияда кирешеден тышкары чыгашалар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк, жер тилкелери жана төлөнгөн салык милдеттенмелери жөнүндө маалымат көрсөтүлүшү керек.