Кыргызстанда орточо маяна 35 миң сомдон ашты

Чакан ишканаларды эсепке албаганда ушул жылдын январь-июль айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 621 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымында, көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,1%га көп.

 

Ал белгилегендей, эмгек акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзүү, унаа жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казуу, кесиптик жана илимий, финансылык ишмердүүлүк жана камсыздандыруу чөйрөсүндө, ошондой эле транспортто жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.