Өткөн жылдын январынан декабрына чейин Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 15,5 миллиард доллардан ашты. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, бул 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 30 пайызга көп.
ЕАЭБ мамлекеттери менен өз ара сооданын көлөмүнө келсек, көрсөткүч 4 миллиард доллардан ашты. Алардын көбү Казакстан менен Россияга туура келет.