Кыргызстанда пенсияны каттоо үчүн бир гана паспорт талап кылынышы мүмкүн

Кыргызстанда пенсияны каттоо үчүн бир гана паспорт талап кылынышы мүмкүн. Тиешелүү норма жаңы пенсиялык реформага киргизилгенин соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

 

Анын айтымында, 1996-жылдан тарта ведомство ар бир жарандын жеке каттоосун жүргүзү келет, андыктан, эми ар кайсы жерден ар түркүн маалымкаттарды чогултуунун кереги жок. Мындай жаңы эрежелер кийинки жылдан тарта киргизилет.