Кыргызстанда сугат суусуна тарифтер жогорулатылбайт. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Суу ресурстары кызматы дыйкандарга сууну буга чейинки бекитилген тарифтер менен берүүнү пландап жатат.
Ал эми учурдагы тарифтер 5 тыйындан 70 тыйынга чейин жетет.
Эске салсак, өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында таза суу жана агынды суу тарифтери кайра каралып жатат. Бишкектин шаардык кеңеш депутаттары дагы өткөн жумада жаңы тарифтерди сунуштады.