Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Ала-Бука – Каныш-Кыя жана Красная Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.

 

Аталган трассалар менен жүрүүдө айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.