Түркияда жер титирөөдө каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Түркияда жер титирөөдө каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Алдын ала маалымат менен Тышкы иштер министрлиги бөлүштү.

 

Дипломатиялык өкүлчүлүк соңку маалыматты тактоо иштерин улантууда. Эске салсак, бүгүн эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,5 баллга жеткен зилзала катталды.

 

Табигый кырсыктан бир нече шаарларда ондогон имараттар урады. Азыркы тапта 76 адам каза тапканы тууралуу белгилүү.