Кыргызстанда туристтик жайларга баруучу жолдор жакшырууда

Кыргызстанда туристтик жайларга баруучу жолдор жакшырууда.

 

Унаа жана жолдор миистрлигинен ишендиришкендей, учурда жаратылышы кооз жерлерге бара турчу унаа жолдорду оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууда. Алсак, “Каракол” тоо лыжа базасына кетчү жолго асфальт төшөө жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, жөө адамдар үчүн тротуар салынып, унаа токтотуучу жай курулду.

 

Мындан тышкары, Арстанбап жаңгак токоюна, Сары-Челек биосфералык коругуна, Ысык-Ата курортуна жете турчу жолдор оңдоп-түзөлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.