Россиядагы теракттан кыргызстандык эки кыз каза болгону боюнча маалымат тастыктала элек

Москванын четиндеги «Крокус сити холл» концерттик залында орун алган терактта эки кыргызстандык кызды каза болду деп таануу азырынча эрте. Бул тууралуу парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

 

Анын айтымында, жогорудагы маалымат расмий тастыктала элек.

 

“Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Биздин элчилик Россиянын укук оргоо органдары менен тыгыз иш алып барууда жана ДНК-анализдердин негизинде бардыгы маалым болот. Биз ушул жуманын ичинде анализдердин жыйынтыгы чыгып, коомчулукка так маалымат бере алабыз деген ишеничтебиз. Генетикалык анализдер жүргүзүлүшү керек. Ал жакта көптөгөн сөөктөр тааныла элек, буга байланыштуу Россия тарап аларды шаштырбай турууну суранып жатат”, — деди министрдин орун басары.

 

Эске салсак, 22-мартта Москванын Красногорск шаарындагы «Крокус сити холл» концерттик залында куралдуу кол салуу болгон.

 

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болду деп жарыялаган тизменин арасында кыргызстандык Маиза Гүлжигит кызы жана Эдита Жусупованын ысымдары бар.