Ош – Баткен – Раззаков жолунда эки көпүрө пайда болот. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, алардын бири жолдун 29-чакырымында, экинчиси 42-чакырымында салынат.
Учурда даярдык жана курулуш иштери жүрүп жатат. Куруучуларга жумушту өз убагында бүткөрүү, сапатка өзгөчө көңүл буруу милдети коюлган.