Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо көрсөткүчү 128 баллды түздү

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо көрсөткүчү 128 баллды түздү.

 

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. ЖРТга катышкандардын 32 миң 116сы 115ке барабар жана андан жогору баллдарды топтогон, бул жалпы катышуучулардын 62 пайызын түзөт.

 

Эске салсак, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.