Кыргызстанда жер семирткич чыгарган завод курулат

Кыргызстанда жер семирткич чыгарган завод курулат.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен кытайлык компания ортосунда меморандумга кол коюлду. Ведомстводон билдиришкендей, документ Кыргызстандын аймагында карбамид жана комплекстүү жер семирткичтерди өндүрүүчү заводду куруу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашырууну көздөйт.

 

“Бул импортко болгон көз карандылыкты азайтып, ата мекендик аграрийлерди сапаттуу продукция менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.