Кыргызстандан Кытайга балык экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Кыргызстандан Кытайга балык экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, быйыл алты айда жалпысынан Казакстан менен Россияга дээрлик 2 млн кг балык экспорттолгон. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 млн килограммга көп.

 

Адистер соңку жылдары Кыргызстанда балык өстүрүү тездик менен өнүгүп жатканын белгилешет.