Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга дайындалды

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга дайындалды. Садыр Жапаров Ош, Бишкек шаардык кеңештерин жана жети облустун жергиликтүү кеңештерин таркатты.

 

Эске салсак, буга чейин административдик-аймактык реформа жүрүп, натыйжада айыл аймактарынын саны кыскарган. Маалыматка караганда, 484 жергиликтүү кеңеш, анын ичинде 33 шаардык кеңеш таркатылат. 17-ноябрда 249 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт.

 

Анын ичинде Бишкек жана Ош шаардык кеңештери бар. Президент ошондой эле шайлоону өткөрүү боюнча мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.