Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт

Баткен жана Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

 

Буга чейин аталган аймактардан парламентке шайланган депутаттар Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев Боршайкомго өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотууга арыз жазып, мандатынан ажыратылган.

 

Министрлер кабинетине шайлоону өткөрүү үчүн керектүү каражат бөлүп берүү тапшырмасы берилди.