Кыргызстанда жумуртка импортуна салынган тыюуну алуу сунушталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Өлкөдө тоок жумурткасын өндүрүү көрсөткүчү турукташканы катталды. Эске салсак, июнь айында Кыргызстан аймагына сырттан жумуртка ташып келүүгө тыюу салынган.
Мындай чара өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, базардагы бааны туруктуу кармоо жана ички рынокту толук камсыздоо максатында кабыл алынган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.