Дыйкан-фермерлерге 3,2 млрд сом насыя берилди

2023-жылдын 14-июлуна карата «Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча дыйкан-фермерлерге 3 млрд 189 млн 408 миң сомго 7 миң 96 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 819 млн 238 миң сомго 1 951 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

 

– «Айыл Банк» аркылуу 469 млн 348 миң сомго 1 092 насыя;

– “РСК Банк” аркылуу, 349 млн 890 миң сомго 859 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 370 млн 170 миң сомго 5 миң 145 насыя берилди, анын иченен:

банктар боюнча алганда:

 

– “Айыл Банк” аркылуу 1 млрд 141 млн 885 миң сомго 2 429 насыя;

– “РСК Банк” аркылуу 1 млрд 228 млн 285 миң сомго 2 716 насыя.

Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 3 млрд 189 млдн 408 миң сомго 7 миң 96 насыя берилди.

– “Айыл Банк” ААК аркылуу 1 млрд 611 млн 233 миң сомго 3 миң 521 насыя;

– “РСК Банк” ААК аркылуу 1млрд 578 млн 175 миң сомго 3 миң 575 насыя.