Кыргызстандык жаран дээрлик 100 миң франк алып чыгууга аракет кылган жеринен кармалды

“Ош” эл аралык аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу 99 миң 700 Швейцария франкын Кыргызстандан Россияга мыйзамсыз чыгарууга аракет кылган Х.А.А. аттуу 25 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

 

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуучу тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурган эмес. Аталган факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Эске салсак, министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле КР улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.