Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кургак, ысык аба ырайы күтүлөт. Чүй өрөөнүндө абанын температурасы күндүз 39 градуска чейин, Ош, Жалал-Абад облустарында 40 градуска чейин көтөрүлөт.
Жарандар күндөн алыс болуп, ден соолугуна көнүл бурушу керек. Өзгөчө балдар менен кары-картаңдарды тыкыр көзөмөлгө алуу сунушталат.