Кыргызстандыктар онлайн юридикалык жардам ала алышат

Кыргызстандыктар онлайн юридикалык жардам ала алышат. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, мындай формат жарандар үчүн үйдөн чыкпастан эле квалификациялуу жана ар кандай юридикалык маселелер боюнча түшүндүрмө алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Консультациялар 20-июндан 16-августка чейин күн сайын мекеменин социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу берилет.

 

«Бүгүн, 20-июнда саат 15:00дө Юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук агартуу башкармалыгынын начальниги А.Камаева түз эфирге чыгат. Мунун аркасында адамдар укук жаатындагы билимин кеңейтип, кызыктырган суроолоруна жооп алып, укуктук сабаттуулугун арттыра алышат», — деп айтылат маалыматта.