Кыргызстандын 4 облусунда аскердик окуу жайлар ачылат

 

Кыргызстандын 4 облусунда аскердик окуу жайлар ачылат. Бул тууралуу Коргоо министри Бактыбек Бектолотов билдирди. Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча аскердик лицейлер Нарын, Сүлүктү, Каракол шаарларында жана Баткен облусунун Марказ айылында пайда болот.

 

Министр белгилегендей, аскердик окуу жайларга суроо-талап жогору, алсак, быйыл Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскердик лицейде 125 орун болсо, 850 бүтүрүүчүдөн арыз түштү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.