Жыл башынан бери Кытайдан Кыргызстанга 4 миң 85 унаа импорттолду

Жыл башынан бери Кытайдан Кыргызстанга 4 миң 85 унаа импорттолду. «Тазабек» порталынын маалыматына караганда, бул эки жыл мурунку көрсөткүчтөн дээрлик 6,5 эсе көп.

 

Бул аралыкта Кытайдан ташылган автоунаалардын баасы да 79% кымбаттаган.

 

Улуттук статистикалык комитеттин билдиришинче, Кыргызстан электромобил импортунун көлөмүн көбөйтүп, унаалардын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алып келген.